Печать
Категория: Коом
Просмотров: 294

Кемпир-Абад маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Жогорку Кеңеште макулдашууну ратификациялоону колдоп добуш бергендер саткындар, ал эми каршы добуш бергендер, же добуш бербей койгондор баатырлар, мекенчилдер катары сыпатталары турган иш. Ошондой эле болуп атат. ЖКнын профилдик комитетинде маселе каралып, көпчүлүк добуш менен колдоого алынды. Жыйындан бир катар депутаттар чыгып кетти.

Ал депутаттарды социалдык тармактарда баатырлар катары көрсөтө башташты. Бирок кайсы кылган эрдиктери, эмгектери үчүн? Маселеден саясат жасашып, популисттик кылышкандыктары үчүнбү? Күн тартибинде өлкө, эл үчүн маанилүү маселе каралып жатканда, кайдыгерлик кылышып, жоопкерчиликтен качышкандары үчүнбү? ЖК депутаты кандай маселе болбосун, колдоп же каршы добуш берип, өзүнүн позициясын билдирип, эртең шайлоочулар сураганда, добуш берүүсүнүн себебин түшүндүрүп, ынандырып бергидей болушу керек. Ал эми эч кандай добуш бербей, жыйындан чыгып кетүү – бул жоопкерчиликтен качуу, кайдыгерлик, «не болсо, ошо болсун, мен балээден алыс болсом болду» деген жеңил позиция. 

Ошондуктан Адахан Мадумаров баштаган кээ бир депутаттарды баатырларга теңөө туура эмес. Алар тигиндей же мындай добуш бергенден коркушат, жоопкерчиликти алуудан чочулашат. Аныгында саткындар мына ошолор. Биринчиден, өлкөнүн, элдин тагдырына кайдыгерлик кылгандар, экинчиден, шайлоочуларынын ишенимдерин саткандар.