Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, бул долбоор аралыкта жумушту аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Андан тышкары, жыйында “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда талкууланды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Эмгек кодексиндеги карама-каршылыктарды жоюу жана жамааттык сүйлөшүүлөр менен жамааттык келишимдерди түзүүнүн алкагында кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди укуктук жөнгө салууга багытталган. 

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.