Печать
Категория: Коом
Просмотров: 177

Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловго которууну чечишти. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду. 

Курманкуловго бир күндүк маянаны которууга жыйынга катышып жаткан депутаттардын баары бир ооздон макулдугун беришти. 

Самат Курманкулов 2019-жылы Кой-Ташта болгон окуяда башынан жаракат алып, узакка созулган дарыланууну өткөргөн. Жакында анын азыркы абалы тууралуу видео жарыяланган, анда мурдагы милиция башчысы дагы деле толук кандуу айыга электиги, дарылануусун улантуу үчүн материалдык колдоо зарыл экендиги айтылган. 

 Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 2019-жылы 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуялары учурунда башынан жаракат алган.