"Азаттыктын" берүүлөрүн Биринчи радио менен НТС эфирден кетирбей турган болду. Биринчи радио 23-октябрдан, НТС 13-ноябрдан тарта аталган ЖМКнын берүүлөрүн обого чыгарууну токтоткон.

НТС мындай чечимин "Азаттыктын" Маданият министрлиги менен кырдаалы жөнгө салынганга чейин эфирден убакыт берүү убактылуу токтотулганы" катары түшүндүрүштү. 

Эки ай мурда Маданият министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин кабыл алган. Мындай чара кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрдагы окуялар боюнча "өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материалдарга жооп кайтаруу үчүн кабыл алынды" деп айтылган.