Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен ЭККК миссиясынын башчысы Карлос Батайас Сириядагы лагерлерде кармалган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу маселесин талкуулашты

Жолугушуунун жүрүшүндө Сирия Араб Республикасынын (САР) лагерлеринде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылыштан жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов Карлос Батайаска 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон окуялар жана аларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү маселелери тууралуу маалымат берди. Кыргыз тарап чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бардык маселелерди тынчтык, дипломатиялык жол менен гана чечүү ниетин ырастады. Ошондой эле ал Баткен облусундагы жабыркаган үй-бүлөлөргө каржылык жана материалдык жардам көрсөткөн ЭКККга ыраазычылык билдирди.