Ошентип, Кемпир-Абад боюнча Макулдашууну Өзбекстандын парламенти ратификациялады. Бул боюнча өзбек премьер-министри Абдулла Арипов маалымат берди.
Өзбекстандын өкмөт башчысы биздеги айрымдардын «кокуй, утулдук эле утулдук» деп айгай салып аткандардын ооздорун баскандай эле болду. Кээ бирлер буга чейин Кемпир-Абад маселесинде бир тараптуу чечим болуп, толугу менен Өзбекстандын пайдасына чечилгенин, суу сактагычтын суусунан пайдалана албай каларыбызды жазышкан эле. Ошол эле мезгилде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын да Кемпир-Абад суу сактагычтан пайдалануу укугу кала берерин бир нече жолу билдирген. Кыргыз президентинин айтканын өзбек өкмөт башчысы тастыктады.
«Кыргызстан менен достук мамилени сактоо үчүн Кыргызстан кээ бир максаттар үчүн Кемпир-Абаддын суусунан пайдаланууга укуктуу», - деди өзбек премьери. Ал ошондой эле суу сактагычтын астындагы жерлер үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 1 019 гектар жер берерин айтты.
Мындан сырткары, такталбаган чек ара тилкелери үчүн конфликттер орун алып, бул эки өлкөнүн достугуна, жылуу мамилесине залакасын тийгизмектигин, бирок макулдашууларга келүү менен кырдаал жеңилдегенин, бул эки өлкөнүн достук мамилесин жаңы бийиктикке чыгарарын билдирди.
Көрүнүп тургандай, маселе эки тараптын ийге келүүлөрү менен чечилип отурат. Өзбекстандын гана кызыкчылыгында чечилип, Кыргызстан утулду деген туура эмес. Бул Кемпир-Абадды бетке кармаган айрым оппозициячылдардын, активисттердин ойлоп тапкандары экени өзүнөн өзү түшүнүктүү болду.
Мында эң башкысы, достук жеңди десек болот. Кошуна өлкөлөр менен ынтымакта, тынчтыкта күн кечирүү өлкөнүн да, элдин да кызыкчылыктарына туура келет. Сүйлөшүүлөрдө ультиматумдук позицияны карманып туруп алсак, андан өлкөдөгү саясий абалды чыңалтып, кырдаалды курчутууну көздөгөндөр гана утпаса, элибиз, мамлекетибиз утмак эмес.