Бүгүн, 15-ноябрда 11-14 жаштагы кыздарга папиллома вируса каршы вакцина саюуга старт берилди. Медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова аталган вакцинага каршы. Эмнеге себептен экенин мындайча түшүндүрдү:
"Бул боюнча илимий маалыматтар, жатындын моюнчасынын рагы дартынын жергиликтүү кырдаалы жана анын кесепетинен жаралган өлүмдүн саны боюнча анализ жок. Бул дартка чалдыгуу деңгээли бизде кандай? Бизге жөн гана сандарды көрсөтүп коюшту - жылына 300 өлүм экен. Эмне болуптур? Мунун баары абдан жалпы, түшүнүксүз, жабык, аналитика жок", - дейт эксперт.
Ошондой эле, анын айтымында, медицина гумандуу жана илимий жактан такталган болушу шарт. Ар бир адамдын медициналык кызматтарды тандоого жана андан баш тартууга укугу бар. Аны менен катар вакциналардан баш тартууга.
"Калк толук кандуу маалымат менен камсыздалышы керек, ошол эле убакта бюджет боюнча дагы. Мамлекет канча төлөөгө даяр? Канча вакцина, канча убакка жана канча адамга жетерлик беришет? Анын баары канча турат жана аны ким төлөйт? Рактын башка түрлөрүнө каршы күрөшүү кандай болот? Мына ушул сыяктуу суроолор көп", - дейт Барыктабасова.