КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кийинки кеңешмени Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өттү.