Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралар уланып жатат. Анын алкагында КР УКМКнын кызматкерлери, КР Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын «Манас» МБК бажысы менен биргеликте жасалма акциздик маркаларды ташыган каналды аныктады.
Анда Бишкек шаарындагы почта ишканаларынын биринин дарегине Кытайдан келген Өзбекстандын алкоголдук продукциясына жасалма акциздик маркалар табылган.
"Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймагына контрабанда менен алектенген топтун бардык байланыштарын аныктоо максатында Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Мамлекеттик бажы комитетинин биргелешкен аракеттери менен иш-чаралар жүргүзүлүп, ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймагында бир катар жарандар кармалган.
Бул иш чаралар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы этабын көрсөтүп, достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоого багытталды", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.