Жакында Түркиянын Исмаил Түрк, Мехмет Көч, Хакан Темел,  Оман Йязыжы деген жарандары Президент  Садыр Жапаровго КРнын ички иштер министринин  мурдагы орун басары, генерал Курсан Асанов аялы Гүлнара Үсөнканова экөөсү алардын 15 миллион долларын алып, беш жылдан бери убадасын аткарбай же акчаны кайтарып бербей, ар кандай шылтоолор менен алдап келатканын айтып, ал акчаны  кайтарып берүүгө көмөктөшүүсүн суранышыптыр. Анын негизинде азыр К.Асановго жана аялына  КРнын Кылмыш-Жаза Кодексинин 204-беренесинин негизинде “өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу” деген шек менен кылмыш иши козголуп, тергеп-тескөө иштери жүргүзүлө баштады.

Биздин экс-президенттирибиздин биринин Кыргызстанда ишкерлер үчүн мыкты шарттар түзүлгөн, инвестициялар кол тийгиз болуп корголот деген убадасын угуп, Түркиянын Исмаил Түрк деген жараны 2017-жылдын башталышында Бишкекке келип, Мустафа Башкурт деген таанышы аркылуу К.Асановдун аялы, өзүн “бизнес-леди” деп тааныштырган Күлнара Үсөнкановага жолугат. Ал алтынды сатып алганга жана сатканга уруксат берген лицензиясын көрсөтүп, биргелешип бизнес түзгөнгө Исмаил Түрктөн 1 миллион доллар сурайт. Ал адегенде шектенип акча бербейт, бирок күйөөсү ИИМнин орун басары Курсан Асанов менен жолуктуруп,  ал да тилинен чаң чыккыча убада кылып, Исмаилди кичи мекени  Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылына алып барып коноктоп, Үсөнканова   аны эки милиционер менен Алматыга алып барып, алтын иштетүүчү заводду көрсөтүп, Кыргызстанда да ушундай завод курганы жатканын айткандан кийин алгач 150 миң, анан 500 миң доллар берет...  Күлнара Үсөнканова ушундай жолдор менен Осмон Язхыжыдан 513 миң, Аккушу Омордон 1 миллион 240 миң , Хакан Темелден 1 миллион 240 доллар алат. Баарын санап сөздү узартпайлы, эрди-катын аферисттердин түрктөрдөн алдап алган акчаларынын жалпы суммасы 15 миллион долларга жетет. Жабырлануучулардын айтымдарына караганда, К.Асанов менен К.Үсөнканованын алтын менен соода кылуу же алтын иштетүүчү завод куруу алардын ойлрунда да болгон эмес, эрди-катын ал акчаларды көбүрөөк пайда табуу үчүн Түштүктөгү бир турак-жай кооперативи аркылуу Ош, Жалал-Абад шаарларында көп кабаттуу турак-жайларды курууга жумшашкан.

Укук коргоо органдары аныктагандарга ылайык, Күлнара Үсөнканова “Азия кенч” ЖЧКынын гана эмес, мурда бир нече фирмалардын ээси болгон. Бирок алардын милдеттүү алык-салыктарын, чегерүүлөрүн төлөбөгөндүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны Аскердик прокуратурага өткөрүп бергенден кийин  ал аягына чыгарылбаган бойдон калган. Ошентип укуктук жактан алганда өзүн “эл баатырына” теңеп көкүрөгүн күрсүлдөтө ургулап жүргөн генералдын аялы гана эмес, өзү да мыйзамсыз алдамчылык иштерге мойнуна чейин малынган, ал эми К.Үсөнканованын тамга басканга да соо жери калбаган, эл аралык деңгээлдеги алдамчы болуп саналат. Кредиторлору бергендерин тез-тез  сураганга өткөндө, генерал “өтө эле активдүү боло бергендердин акчаларын алгыча жашабай да калышы мүмкүн экенин” айтып, опузалап коркутуп, шантаж кылганга өткөн. Кылмыш-Жаза  Кодексинде анын да тийиштүү беренеси бар. Ал да кыймылга келтирилиши керек. 

Серепчилердин айтымында, 2019-жылы августтун башталышында К.Асановдун “Кой-Таш республикасын” уюштуруп, күч органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн А.Атамбаевди колдогондугунун бир себеби да ошондон. Эгерде АША бийликке кайрылып келсе, эмгегим үчүн чоң кызматка коюп, аялым экөөбүздү  береселерибизден баарынан куткарат деген ишенимде болгон. Ал АШАны же анын айланасындагыларды жакшы көргөнүнөн улам эмес, “айласы кеткен там сүзөт” болуп, аргасы кеткенден андай ишке барган. Курсан Асанов Атамбаевдин  колунан алган пластикалык калтанын ичинде кымбат баалуу зергердик  буюмдар, банктык карточкалар болгон дешет, сот аягына чыгарылганда деле көп суроолор айкындалбай кала берет, бирок бизди кызыктырганы - генерал алгандардын канчасы АШАнын аялына, балдарына жетти экен? 

Бул да өзүнчө иликтөө-изилдөөнү, аягына, аныгына чыгууну талап кылган  чоң маселе... 

К.Асанов менен аялы экөөсү мына ошол ири суммадагы акча табуу максатында азыркы убактылуу кармалуучу жайларда жатышкан оппозициячылдарды колдошуп, тымызындан  ар кандай жардамдарды көрсөтүп жатышканы эч   кимге жашыруун эмес. Ал жеке кызыкчылыгы үчүн бийликти күч менен алмаштырууну көздөгөндөрдүн бири. Эгерде жөнөкөй адамдардын бири жогорудагыдай эл аралык алдамчылыктарды  жасаса, “кустуризацияга” туш болуп, мыйзам тарабынан  алда качан тийиштүү жазасын алмак. Бирок алиге чейин К.Асанов менен К.Үсөнканованын андай иштерине укуктук баа берилбей жатканы түшүнүксүз болууда. К.Асанов өмүр бою ички иштер тармагында иштеп генералдык, министрдин орун басарлык кызматына чейин жеткен. Ал эл алдында берген анты бузуп, мундирине каршы иш жасаганы үчүн генералдык наамынан токтоосуз ажыратылып, мыйзамга, ички иштер органдарына чыккынчылык кылган адам катары  эки эселенген күнөөдө соттолушу керек. Чындык, калыстык ушуну талап кылат.

Автандил Белеков