Печать
Категория: Коом
Просмотров: 164

Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу ал видео кайрылуу аркылуу билдирди. 

"Кызматымды расмий тапшырып берип жатам. Бул менин жеке чечимим. Эч ким кет деген жок, арызыңды жаз деп мажбурлаган жок. Буга чейин чогуу иштешкен кесиптештериме, Свердлов районунун элине ыраазычылык билдирем. Колдон келишинче элге, районго жакшы болсун деп аракет кылдым. Буга чейин кылган кызматыма ыраазы болуңуздар", - деди Бекназаров. 

Эске салсак, Руслан Бекназаров "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмышк шектелип кармалган. Бир канча күндөн кийин соттун чечими менен үй камагына чыккан.