ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев менен Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кудаларга айланышты. Турганбаевдин уулу Азамат Мырзакматовдун кызы Каныкейге баш кошту.
Бул тууралуу активист Урмат Акунов соцтармактагы баракчасына жазып, жаштарды куттуктады.
"Бүгүн Кыргызстанда чооң той Оштун кулуну, азаматы Мелис Мырзакматов менен Нарындын Генерал уулу Мелис Турганбаев агабыз кудалашып келин алып куда сөөк болушту Азамат уулу менен келинибиз Каныкей кармашкан колуңар бекем болсун. Бар бололу", - деп жазды.
Той 19-ноябрда Ош шаарында өткөнү маалым болду. Ага ИИМдин министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, ЖКнын бир катар депутаттары катышты.