Депутат Ырысбек Атажанов күтүүсүз каза тапкан мусулмандардын сөөгүн кеспөөнү сунуштады. Ал бул тууралуу социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Күтүүсүз кайтыш болгон адамдын сөөгү өлүкканага жеткирилип калса, ал жактан сөзсүз союшат. Аны карап чыгыш керек, анткени мусулмандар сөөктү союуга макул болушпайт. Өлгөндүгү тууралуу тастыктаманын негизинде күтүүсүз кайтыш болгондордун сөөгүн ачууга уруксат берилбеш керек. Кокус киши колдуу болгон болсо анда бир жөн. Ушул маселе боюнча адамдар даттанып жатышат", - деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Батырова бул маселе жөнгө коюлганын билдирди.
"Өлкөбүздүн басымдуу калкы мусулмандар болгондуктан, мен патологоанатологдорго эгер каза болгон адамдын туугандары кат жүзүндө сөөктү ачтыруудан баш тартса, ага каршы болбогула дегем", - деди министр.
Атажановдун айтымында, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маркумдардан акча жасаган.
"Өлүкканада жуумай, бальзамдоо иштери үчүн акы албаса жакшы болмок. Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев өлүкканалардан акча алчу", - деди депутат.