Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

11-ноябрда «Амир», «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, облустук лидерлердин бири жана экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды. Бул КР УКМКнын өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын жыйынтыгында болду.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аталган чет элдик жаран Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, «Хизб-ут-Тахрир» ЭТУнун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенген. Аны менен катар Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргыз Республикасынын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

 Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өз өлкөсүнө экстрадицияланат.