Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, тыюу салынган идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жүргөн, тыюу салынган «Хизбут-Тахрир вал Исламия» диний-экстремисттик уюмунун «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды.

Алардын иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында, 2022-жылдын 14-октябрында жана 4-ноябрында 5 жарандын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экендигин тастыкталган ири өлчөмдөгү буюм далилдери табылып алынган.

Азыркы учурда айыпталуучуларга карата сотко чейинки өндүрүштө зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.