"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы узартылганын Бишкек шаардык соту билдирди.
Анда айтылгандай, Октябрь райондук соту Тенгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Анын адвокаты райондук соттун чечими боюнча шаардык сотко даттануу жолдогон. Айтымында, Тенгиз Бөлтүрүктүн ден соолугунда көйгөй жаралган.
"Ал гипертониялык дарт менен жабыркап жатат, жүрөгүндө көйгөй бар жана кан басымы жогору. Үч эрезеге жете элек баласы бар. Менин оюмча, аны абакта кармоонун кажети жок", - деген адвокаты Кайсын Абакиров.
Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке 1 миллиард сом зыян келтирген деген шек менен кызматынан четтетилип, камакка алынган.