Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1026

КР Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Стамбул шаарында болгон жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. 

Маалыматка караганда, Стамбулдун Бейоглу районундагы Истикляль көчөсүндө кечээ, 13-ноябрда жардыруу болгон. Анын кесепетинен алты адам каза таап, 50дөй адам ар кандай жараат алган. 

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жоктугун билдирген. Окуяга байланыштуу дипломаттар түрк бийлиги менен байланышта болуп жатышат. Укук коргоо органдары каза тапкандардын жана жабыркагандардын саны өсүп жатканын билдиришүүдө. Иликтөө иштери уланууда. 

Эске салсак, жардыруу аял киши тарабынан жасалганы айтылууда.