ЖК депутаты Тазабек Икрамовго маалыматтык жактан коргонуу чеби болуп “иштегендердин” катары көп экенине бир түндөгү иш аракеттер далил болду. Депутат ушуну менен экинчи жолку чакырылышта отурат. Бирок депутаттык ишмердүүлүгүн ырааттуу жолго кое албай, жөнөкөй нерселерге да кругозору жетпей, далай жолу коомчулуктун шылдыңында калды эле. Анткен менен жеке пиар жагынан алдына эч кимди салбайт экен, мындай темп менен жакында көпчүлүккө өзүн экинчи Махатма Ганди көрсөтөөрү талашсыз.
Икрамовдун ишмердүүлүгүнө айтылган сын анын “колдоочуларын” ордунан козгоп жиберди. Ар кайсы жактан “чабуул” жасашып, депутатты чыныгы баатырга теңешти. Албетте, ар кимдин өзүнүн пикири бар, бирок мактоо дагы чегинен чыкпаган учурда ынанымдуу болот. Кечээ эле “гомосексуалист”, “ассамблея” ж.б. сөздөрдү так айта албаган (болгондо да Билим берүүнүн отличниги) депутат бүгүн, кыска убакыттын аралыгында кантип чыгаан эл өкүлүнө айланды? Албетте, мунун баары аны “колдоп-жактагандардын” иштеринин жыйынтыгы. Баканын кабыгын кийген сулуу кыз тууралуу жомоктой эле. Кабыгын ыргытса сулуу кыз болуп чыгат, кабыгын кийсе кадимки бака. “Колдоочулар” мактап-жактаган учурда чыгаан депутат, каражаты түгөнгөндө баштагы “приколго” айланган Икрамов.
Эми анын “колдоочулары” тууралуу. Икрамов тууралуу чындык соцтармактын дайыма кимдир бирөөнү мактап жан баккан катмарын кымгуутка салды. Алардын мактоо объектиси дайыма өзгөрүп келет. Бүгүн бул саясатчы же депутат, эртең анын карама каршысындагылар. Буга чейинки жарыялагандарын карап келип эле, чын дилинен, ошол адамдын жасаган иштерине ыраазы болуу менен эмес, кол учунан, кайсы бир кызыкчылыктын негизинде мактап жатканын түшүнсө болот.
Алардын бири - Мирлан Сатаров. Өлкөгө башаламандык уюштурууну каалагандарды, коркутуу жолу менен акча өндүргөндөрдү кубаттайт. Ошол эле убакта алардын курмандыгына айланып, күнөөсүз жерден айыпталып калгандардын атын атабайт. Мисалы, акча талап кылууга шектелип кармалган журналисттин оператору. Ал жигит учурда абакта отурат. Айыбы – өзү да билбеген тейде курьерге айланып калганы. Журналист ага эки айлык эмгек акысын, анан дагы кайсы бир тойду тартып бергени үчүн төлөнүүчү акысын көп убакыттан бери бере албай келгенин, ошол күнү “баланчадан акча ала келе койсоң, айлыгыңды берем”, - дегенине ишенип, бара коюп колуна кишен салынып калганын чыркырап айтып жатса деле, бул “акыйкаттуулуктун фанаттарынын” кулак учунан кетти. Болбосо, акыйкаттуулук, калыстык принцибин карманса, окуяга талдоо салып, эки жактын тең пикирин угуп, анализдеп, өз чындыгын иргеп алмак. Көпчүлүктүн агымында кыйкыра берүү кимдин болбосун колунан келет. А бирок чиеленишкен окуянын маңызын, өзөгүн табуу кыйын. Башы жетпегенден кийин тынч отурса ошол өзүнө чоң пайда.
Эмнеге Сатаров акча талап кылууга шектелгенди жактап калды? Себеби жөнөкөй – Тазабек Икрамов.
“Tazabek Ikramov оозунда калыс кеби бар жүрөгү өлкө деп жалындаган эң сонун эл өкүлү болуп жетилди. Мурда кийин сындап жүрчү элем агам сынды да көтөрө билип, терикпей кайра түздөлгөн сонун адам экен. Калган депутаттар өрнөк алсаңар болчудай Тазабек агаман”, - деп соцтармактагы баракчасына жазып, Икрамовдун “колдоочусуна” айланганын “расмий” тастыктаган. Ал эми акча талап кылууга айыпталган тарап Икраимовдун пиар-менеджери. Депутат учурда анын адвокатына кеткен чыгымын өзү көтөрүп жүрөт. Мында да “калыстык” үчүн шантаж жолу менен капчыгын кампайтууга аракеттенген тарапты колдоп жатканындай түр көрсөтүп. Бирок эл өкүлү деле орто жолдо айыпсыз жерден айыптууга айланып, камерасын көтөргөндөн башка эч кимге зыяны жок оператордун ишин көз жаздымга калтырды. Анткени, бул "икрамовдук калыстык".
Акыйкаттуулук, калыстык, чындык Икрамовдун “колдоочуларынын” көз карашында ушул болсо, анда ал өздөрүнө буйрусун. Чыныгы акыйкат бир топ башкача болоорун кийинчерээк, турмуш өзү тастыктап берээр...