2022-жылдын 10-ноябрында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагынан 2 автоунаа кармалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун “Торговый” аймагынан «Chevrolet Cobalt» маркасындагы 2 автоунаа коңшу мамлекеттен чыгарылган контрабандалык жүктү, жалпы салмагы 575 кг болгон кондитердик азыктарды түшүрүп жаткан жеринен кармалган.

Чогултулган материалдар тиешелүү иш чараларды жүргүзүү үчүн Баткен облусу боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.