Печать
Категория: Коом
Просмотров: 370

КР УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүү уланууда. Анын алкагында үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде кыргызстандык И.К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы насвай табылып алынган.

Аталган фактынын негизинде КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан 372-1-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 9-ноябрында Баткен райондук соту Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А. күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарылды.