Өлкөбүздүн биринчи президенти Аскар Акаевдин эң башкы эмгеги – эгемен кыргыз мамлекетин түптөп, бутуна тургузуп бергени. Мына отуз бир жыл сүйүктүү мекенибиз Бириккен Улуттар уюмунун мүчөсү катары өз алдынча түтүн булатып, жашап келе жатат. Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып, кыргыз өлкөсү авторитардык режимдин кучагында калбай, алгачкы жылдардан баштап «демократия аралчасы» деген сыймыктуу наам менен дүйнөгө таанылды. Ооба, биз ал жетишкендикти толук баалабай келебиз. Эркиндикти аба менен салыштырса болот. Абанын баркы да ал качан жок болгондо гана билинет эмеспи. Миңдеген жылдар бою эркиндикти самаган, кастарлап-барктаган кыргыз элине Аскар Акаев чыныгы эркин мамлекет, коом куруп бере алды. Эгемен Кыргызстандын жараны эркин ойлонот, эркин сүйлөйт, иш-аракеттерин эркин жасай алат. Кайсы коңшу өлкөлөрдө мындай жетишкендик, бакыт бар?!
СССР жоюлганда (1991-ж.) Кыргыз Республикасы да башка союздук республикалардай эле башынан оор кризисти, бардык тармак-чөйрөнүн кыйроо процессин өткөрүп жаткан. Союздун экономикалык алакасы кан буугандай токтоп, Москванын дотациясы соолуп, инфляция асманды чапчып, дүкөндөр аңгырап бош калып, элди ачарчылык каптап, дүйнөдөн гумжардам сурап калганыбыз азыр эсибизден чыгып калды. Аскар Акаев кыргыз элин ошондогу апааттан зор эмгек жасап чыгарып кеткенине элибиз жана тарых эртели-кеч өзүнүн татыктуу баасын берет. Мисалы, эгерде улуттук валютабызды учурунда киргизбесек, анда миллиарддаган байлыгыбыздан кол жууйт элек.
Ошондой эле, Аскар Акаевдин зор каршылыктарды жеңип жүргүзгөн жер жана агрардык реформасы ийгиликтүү болгону белгилүү. Кыргыз айыл эли жер, мал, мүлк, техниканын анык ээсине айланып, эркин чарбачылык жүргүзүү укугуна толук жетишти. Жаңы дыйкандар мамлекеттен бир сом дотация албай натыйжалуу эмгекке өтүштү. Айыл чарба тармагы 1995-жылдан баштап айыл элинин өз аракети менен өнүгүү гана жолунда. Ал эми «өмүр жолу» деген сыймыктуу атка конгон Бишкек-Ош автожолун куруу, «Манас» аэропортун эл аралык стандартка жеткирип жаңылоо, алдыңкы телекоммуникация системасын түзүү сыяктуу алгылыктуу иштер да биринчи президенттин жемиштүү эмгеги. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү боло алды. Анын натыйжасында өлкө реэкспорт түйүнүнө айланып, соода жүргүзүү жана жеңил өнөр жай тармагында жүз миң жумушчу оруну түзүлгөн.
Ооба, Аскар Акаев айрым кемчиликтерди да кетирген. Аларды өзү деле моюнуна алып, элге жарыялап, кечирим сураган. Биринчи кемчилиги – каргашалуу Аксы окуясына жол бергендиги. Албетте, Акаевдин демонстрацияга чыккан аксылыктарды атууга түздөн-түз тиешеси болгон эмес. Бийлик жактан күнөө ошол кездеги өкмөт башчысы, ички иштер министри жана облустун губернаторунда болгон. Бирок ал жетекчилер президент тарабынан дайындалгандыктан Аскар Акаев ал окуя үчүн моралдык күнөөсү бар экенин айтып, кыргыз элинен кечирим сураган. Экинчи кемчилиги – март төңкөрүшүнө (2005-ж.) жол бергендиги. Акаев жана анын командасы ошол учурда мамлекеттик төңкөрүштү болтурбоо үчүн зарыл кадамдарды жасай алышпаган.
Бирок соңку он жети жылдан бери Аскар Акаевге дагы башка күнөөлөр тагылып келе жатат. Тилекке каршы, алардын баары ыплас, бузуку адамдардын ойдон чыгарылган ушактары, жөө жомоктору. Соцтармактан окуган бир баян эске түшөт. Африканын чытырман бир токоюнда чөө иттер жалгыз жүргөн арстанга аңчылык кылышат экен. Албетте, алдуу-күчтүү арстанга ал чөө иттердин жүзүнүн да алы жетпейт. Бирок 30-40 чөө иттер чогулуп алып, арстандын артынан жумалап калышпай, күндүр-түндүр тынбай үрүп, чуулдай беришет. Ошентип, тынчтык көрбөгөн арстан үч-төрт жумадан кийин жүрөгү жарылып өлөт. Аскар Акаевдин артынан түшүшкөн биздин «чөө иттер» да он жети жылдан бери тынчыбай, улам бир ушак, жомок ойлоп табышып, чуулдап келе жатышат. Бирок, бактыга жараша, Аскар Акаевдин жүрөгүн жара алышпады.
Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин профессору, Россиянын илимдер академиясынын академиги. Андан тышкары Нобель сыйлыгынын лауреаты Жорес Алферов Санкт-Петербург политехникалык университетинде Аскар Акаев үчүн атайын институт ачып берген. Аскар Акаев Москвада иштегенден бери «татаал системаларды математикалык моделдештирүү», өзгөчө «экономикалык процесстерди математикалык моделдештирүү» деген илимдин алдыңкы багыттарында эмгектенип келет. Аны бул темалар боюнча Европа, Кытай, Чыгыш Азия өлкөлөрү чакырышып, лекцияларын угушат.
Ошондой эле, Аскар Акаев СССРдин жана постсоветтик өлкөлөрдүн окумуштуулары кабыл алынбаган атактуу «Лондон математикалык коомуна» мүчө болуп шайланган. Аскар Акаевди биринчи ирет Нобель сыйлыгына 2009-жылы советтик жана россиялык белгилүү академик Алексей Фридман көрсөткөн. Бирок ал жылы Кыргызстанда Акаевди каралоо жогорку чекте болчу. Экинчи жолу Аскар Акаевди Нобель сыйлыгына 2019-жылы көрүнүктүү немец экономисти Герхард Менш башында турган немец окумуштуулар тобу көргөзгөн. Бул жолкусунда Акаев канадалык бир экономист менен «финалга» чыккан. Бирок, «калктын керектөөсүн изилдөө» деген ортозаар эмгеги бар экономистти Канада мамлекети сүрөөнгө алып, ал эми Акаевди мекенинде ушактап, каралап, жыйынтыгында сыйлык канадалыкка кетти. Ичи ачышып калган немец окумуштуулары Германиянын (дегеле дүйнө жүзүндө) ири «Шпрингер» басылмасы аркылуу Аскар Акаевге капиталдык эмгек буюртма кылышкан. Аталышы «Цифровая трансформация и мировая экономика». Учурда ошол эмгектин үстүндө иштеп жатат. Ал жарыкка чыкканда немец окумуштуулары Аскар Акаевдин Нобель сыйлыгын алышы үчүн дагы аракет жасашарына ишеним бар.
Азырынча Аскар Акаевди каралап келе жатышкан, катарлары жылдан-жылга суюлуп келаткан арабыздагы «чөө иттер» аман болушсун. Чөө иттердин бир жакшы сапаты – алар тирүү арстанга гана аңчылык кылышат. Демек, биздин «чөө иттер» кеминде дагы 22 жыл чуулдашып, каралап турушса, анда Аскар Акаев жүз жашка чыгат. Биринчи президентке ошол жашты тилейбиз! Ошондой эле, Аскар Акаевди элибиз жана тарых келечекте кыргыз мамлекетинин улуу ишмерлери Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Султан Ибраимовдор менен бирге коюп, урматтап-сыйлап алаарына терең ишенебиз!
Булак: Чындык медиа