Бүгүн, 10-ноябрда УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Кадыров Санжарбек аттуу жаранды кабыл алды.
Санжарбектин окуясы соцтармактар аркылуу маалым. Ал ушул жылдын 20-октябрында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, 24 жылдан бери Казакстанда иштеп жүргөндүгүн, өздүгүн аныктоочу документтери жоктугун айтып, паспортун калыбына келтирүүгө жардам сураган.
Санжарбектин маселесин президент жеке көзөмөлүнө алган. Көрүлгөн чаралардын негизинде С.С.Кадыровго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.
Кадыров Санжарбек 1995-жылы Ноокат районунда туулган. 1998-жылы ата-энеси ажырашып кетип, атасы 3 баласын Казакстанга алып кеткен. Документи жоктугунан убагында мектепке бара алган эмес жана талаа жумуштарында иштеген. Анын айынан 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болгон.
2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам С.Кадыров үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы С.Кадыровдун атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган.
С.Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен Кыргыз Республикасынын паспортун берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан майнап чыккан эмес.