Ош облусунун Алай районунун тургуну Чырмаш Байтуровго жаңы турак үйдүн ачкычы жана Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом каражат тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жергиликтүү тургунга жаңы турак жайдын ачкычын жана материалдык жардамды ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында тапшырды.
Белгилей кетсек, Байтуровго үй депутат Улан Примов тарабынан курулуп берилген.