Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү элет жеринин шартын жакшыртуу иш аракетинин алкагында, Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн 1,5 чакырым жолуна асфальт төшөп бергени маалым болду. Ага кеткен каражат Ташиевдин өз кирешесинен жумшалган, башкача айтканда мамлекеттин каражатына тиешеси жок. Бирок айрымдар жакшы иштен да өөн издеп, сын-пикирлерин айтышууда. 

ЖК депутаты Шайлообек Атазов Камчыбек Ташиев бийликке келгенге чейин эле элге материалдык колдоо көрсөтүп жүргөнүн белгиледи. 

"Ташиев бийликке келгенге чейин элге өз каражатынан жардам берип жүргөн. Анын туугандарынын жана өзүнүн жеке бизнестери бар экенин көпчүлүк билет. Жалал- Абадга спорт мектептерди, көп балалуу жалгыз бой энелерге үй куруп берди. Андан тышкары Барпы айыл өкмөтүнүн жолдорунун 90 пайызын жасап бергенин жалпы эл билет болуш керек. Негедир акыркы убакта жакшылыктан да негатив издеп калдык. Каражаты болсо чет өлкөдөн үй алып, чет элдик банктарга акчасын катпай, кыргыз эли үчүн пайдалуу жумуш жасап бергендин эмнеси жаман. Эл үчүн жасалган мектеп, жол жана башкаларын Ташиев өзү менен кошо көтөрүп кетпейт да. Түбөлүккө эл менен калат, мунун эмнеси жаман? Башка чиновниктер, ишкерлерге да мамлекетти  карап отура бербей, элет турмушун жакшыртууга салым кошуу керектигине үлгү болсун. Деги эле мындай жакшылык калың журттун катмарына тарап, көпчүлүккө сиңгени жакшы", - деди Шайлообек Атазов.