Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Кыргызстандан барган төрт боксчу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Санжар Сейдакматов -54 кг салмак категориясында, Нурадин Рустамбек уулу -71 кг салмак категориясында, Өмүрбек Бекжигит уулу -80 кг салмак категориясында жана Эркинбек Адылбек уулу -86 кг салмак категориясында чемпионаттын жарым финалында таймашышат.
Жарым финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталаары айтылды.
Азия чемпионаты 30-октябрдан 13-ноябрга чейин Иорданиянын Амман шаарында өтөт.