Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин 12-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен эркек киши боюн таштоого аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 32 жаштагы Д.Х. аттуу жаранды куткарууга беш адам тартылып, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал адам куткарылган.
“Ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, адамдын өмүрү сакталды. Ал эч кандай жаракат алган эмес”, - деп билдирди ӨКМ.