КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Б.Н. Ельцин атындагы - Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) абитуриенттерди кабыл алуу боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларына студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россия Федерациясынын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусуна каражат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.
Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизишип турган.
Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги «А.Г.М.» жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы «Л.Т.М.» кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.