Дүңктөн жыттап алып, анын таасири менен акылынан адашып, оюна келгенди оттоп, оозуна алы келбей калган төкмө акын Болот Назаровдон элдин назары калып деле бүткөн. Бирок арсыз неме экен. Апийим заттарын колдонуп келери жалпы кыргызга белгилүү болуп, жүзү ачылып, абийири айрандай төгүлгөнүнө карабай бети кызарып койгон жок.

Тескерисинче, бет тырмарлык кылып, бокооз, акылга сыйгыс, уятсыз сөздөр менен С.Жапаровду, К.Ташиевди, кыргыз элин жерден алып, көргө чаап, мазактап, шылдыңдап эле келатат. Эгерде башка өлкөлөрдө болгондо мындай жорук- жосундары, чектен чыккандыгы үчүн Болот Назаровду эчак эле жоопкерчиликке тартып, эсине келтирип коймок. 

Адатта мыйзамдын укуругу мойнуна илинсе эле ага бийликти күнөөлөп, өздөрүн куугунтуктун курмандыгы катары көрсөтүү Кыргызстанда жакшы өнүккөн. Болот Назаров да аны жакшы өздөштүрүптүр. Уурулукка шектелип, камакка алынса, ага бийликти күнөөлөп чыкты. Наадандыктын да чеги болушу керек го. «Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт». Жылкыга байланышкан окуяда анын аракетинде кылмыштын белгилери бар экени кимге деле болсо түшүнүктүү болуп турат. Ага кылмыш ишин козгоп, камап коюу зарылдыгы болсо, ага себептер, негиздер толтура болчу. Эбак эле сот жообуна тартып, мыйзам чегинде чараларды көрүп коюшмак. Анын буга чейинки ар кандай сөздөрү, билдирүүлөрү, жоруктары эле ошого жол бермек. Бирок улуу өнөрдүн алып жүрүүчүсү, маданияттын өкүлү катары  жумшак, сый  мамиле  жасалып келген эле.