Акын Болот Назаров тоноочулукка шектелип ИИМ тарабынан кармалган. Анын кармалышы боюнча журналист Олжобай Шакир өз версиясын айтып чыкты.
Анын айтымында, Назаровду тойго ырчы Кубанычбек Ажыбаев алып барган, ал жактан акынга ат тартуулап, чепкен жабылган, жыйынтыгында көпчүлүк тартуулаган ат уурдалган болуп чыгып, Назаров кармалган. Олжобай Шакир бул атайын жасалган иш экенин кыйытып, Ажыбаевди да күнөөлөгөн.
Кубанычбек Ажыбаев өзүнө карата айыптоого видео кайрылуу аркылуу жооп берди.
"Олжобай Шакирдин айткандарын угуп бир нерсеге абдан таң калдым, булар маалыматты тактабай туруп эле "ушундай болуптур" деп кишиге жалаа жаба беришеби? Булар кандай адамдар?! Ал тойго Болот Назаровду мен жибергендей кылып билдирүү таратты. Менин Болот Назаров менен аласа-бересем жок, тойго мен жиберген эмесмин.
Ал тойго мен да барганым чын. Той ээсинин досу суранганынан барып, ырдап бердим. Андан кийин дасторконго чакырышты. Кирсем, Болот Назаров отуруптур, учурашып, чогуу тамактанып, анан кетейин деп чыксам, мени узатып Болот дагы чыкты. Анан эле той ээлери чыгданга чакырышты. Чогуу барып, казы-карта жеп, мен кетип калгам. Болот калган.
Олжобай байке, жалган жалаа жапканыңызды токтотуңуз!" - деди Ажыбаев.