Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы (мындан ары - ЮЖК) өлкө боюнча райондук деңгээлде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтөт.
Эми сиз жашаган аймакта консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга кайрыла аласыз.
ЮЖКнын координаторлору юридикалык маселелер боюнча сиздерге укуктук консультация беришет жана «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам» Мыйзамында каралган учурларда квалификациялуу юридикалык жардам алууга Адвокаттардын мамлекеттик реестринен адвокат беришет.
Ар жума күнү саат 20:05те УТРКнын түз эфиринде суроолорду берип, укуктук консультация алып, ошондой эле "Акысыз адвокат" долбоорунда акысыз адвокаттын кызматын ала аласыз.