ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат таратты.

Анда белгиленгендей, Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТҮРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланды.

Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы белгилөө сунушу киргизилип, ал бир добуштан колдоо тапты.

Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (башка маалыматтар боюнча 1920-жылдын 20-сентябрында) туулган. Актрисалык карьерасында жүздөн ашык театр жана кино ролдорду жаратты.  

Бакен Кыдыкеева 1970-жылы СССРдин эл артисти деген наамга ээ болуп, ошол эле жылы таланттуу актриса театрдагы теңдешсиз эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Андан кийин 1977-жылдагы Бүткүл союздук кинофестивалдын “Актёрдук иш үчүн сыйлык” номинациясынын ардактуу лауреаты болот.