Бишкекте 2,5 миңден ашуун объектилер ижарага алынган жерге курулганы Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Вице-мэр Нурдан Орунтаевдин айтымында, мэрия мурда ижарага алынган жана буга чейин көп кабаттуу үйлөр курулуп, пайдаланууга берилген жерлерди сатып алуу боюнча жобого өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.
Ижарага алынган жерлерге көп кабаттуу үйдөн башка имараттар да курулганын, документте ал тууралуу сөз болбогонун депутаттар айтышты. Ага вице-мэр бул боюнча да иш жүрүп жатканын белгиледи.
"Биринчи көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечебиз, андан кийин башкаларын карайбыз. Биз объект курулган жер тилкелерин сатып алууга мүмкүнчүлүк берүүнү карап жатабыз. Сатып алуу өздөрү кааласа болот. Сатып алгысы келбесе ижара акысын төлөй берет", - деди ал.