Социалдык тармактарда кээ бирлер  УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өз каражатына  7 балалуу энени үйлүү кылып, 1,5 чакырым жолго асфальт төшөтүп бергенинен кыйкым издеп  жатышат. Бул эми Камчыбек Ташиевдин кичи мекенине кылган көптөгөн иштеринин, жардамдарынын бир чети гана экенин айылдаштары жакшы билишет. 

Камчыбек мырза мындай кайрымдуулук, соопчулук иштерин кечээ эле кыла калган жок. Ал табиятынан берешен, колу ачык адам. Ишкерлик кылып бутуна тургандан бери айылына, айылдаштарына көптөгөн жардамдарын берип, алардын оорун колдон, жеңилин жерден алып келет. Тээ 2000-жылдары эле өз каражатына жолдорду салып, айылдаштарынын батасын алып, алкоолоруна арзыган. Тапканын эл менен бөлүшкөн Камчыбек Ташиевдей инсандар Кыргызстанда аз. Материалдык, каржылык кандай жардам, колдоо керек болсо, дайыма жардам колун сунууга даяр. Анын Сузак районуна, Барпы айылына кылган иштерин санай берсең өзүнчө узак сөз. Албетте, анын мындай иш-аракеттеринен негатив издеп, кайрымдуулук иштерине көлөкө түшүрүп, жаманатты кылууга кызыкдар күчтөр, топтор бар экени айтпаса да түшүнүктүү. 

Өз каражатына жетим-жесирлерге жардам берип, жолдорду салып, акчалай колдоолорду көрсөтүп келсе, коррупционерлерди «кустуруулардан» түшкөн каражаттардын эсебинен УКМК кызматкерлерин, чек арачыларды  турак-жайлуу кылып, УКМКнын аймактардагы унутта калган, авариялык абалга кептелген имараттарын жаңылап, техникалык-материалдык шарттарын мыктылап, буга чейин эч бир УКМК төрагасы ойлобогон, кылбаган иштерди жасап жатат. Анын буга окшогон иш-аракеттеринин баары «жашап, иштөөгө шарттар болсун» деген аруу тилек, ниетте жасалып жатканын душмандары, жакшыдан жамандык издегендер эле көралбаса, көпчүлүк көрүп, билип жатат.