Печать
Категория: Коом
Просмотров: 299

 “Алькони” ишканасы эркин экономикалык аймакта жайгашкан, ошондуктан Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти текшере албайт", - деди аталган департаменттин оорулардын алдын алуу жана тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев маалымат жыйынында.

Ал Экономика жана коммерция министрлигинен жолдомо берилгенден кийин гана текшерүүлөр жүргүзүлөөрүн белгиледи.

“Эгер арыз же кайрылуу түшсө, анда министрликтен жолдомо алабыз. Анда дагы беш күн гана берилет, ушул убакытта текшерүү жүргүзүшүбүз керек. Жетекчилери иш бөлмөсүндө жок болсо бизди киргизбей койгонго укугу бар. “Алькони” ишканасы көптөн бери иштеп келет. Бирок ал Бишкек эркин экономикалык аймакында жайгашкан. Андыктан текшерүү жүргүзгөнгө биздин ыйгарым укугубуз жок. Ал эми Тунгуч кичирайонундагы имараты 2021-жылы ачылган, мыйзамга ылайык, текшерүүнү 2024-жылдын май айында гана жүргүзө алабыз”, - деди.

Ошондой эле, ал 3-ноябрда түшкөн каттын негизинде министрликтен жолдомо алып, “Алькони” ишканасын текшерип, 36 миң сомго эки протокол толтурулганын билдирди.

Эске салсак, жакында "Не сахар" көрсөтүүсү “Алькони” ишканасына барып, анда санитардык эрежелер бузулгандыгын аныктаган.