Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудов батирлүү болгонун соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.  

Спортчуга курулуш компаниялардын бири батир белекке берген.

“АЮ Курулуш" компаниясы мага жана менин командамдын мүчөлөрүнө батирдин ачкычын тапшырды. Үй толук бүткөрүлүп, эмеректер жайгаштырылган. Биз үчүн бул белек алдыга умтулууга жакшы стимул берет”, - деп жазды Махмудов.