Кээде олтуруп, эмне болгон эл экенибизге түшүнбөй башым катат. Дайыма эле ушундай белек, же болбосо отуз жыл ичинде бизди башкарып келген макоо башчыларды ээрчип, "балык башынан сасыйт" болуп баарыбыз сасып калдыкпы? Эмне үчүн дайым эле отко айдаса бокко кача беребиз?

Белорусияда курулган, башка КМШ өлкөлөрүндө, а түгүл Европада жок ишкана, так айтканда биотехнологиялык  корпорациянын долбоорун белорустун бир мээлүү адамы эмес, окумуштуу сөрөй Акаев да эмес, биз жаман деген, канкор атаган, үй -бүлөлүк клан түздү деп жалган жалаа менен өлкөдөн кууп жиберген Бакиевдер түзүп, "Кыргызстанга кайтсак ишке ашырабыз" дешип эки жыл бою сактап, акырында азыркы күндө жашап, туз татып жүргөн Белорус өлкөсүнө курууну туура табышты.

Бул деген адамгерчиликтин туу чокусу деп койсом жаңылбайм.

Баарынан да бул ири курулушка Кытайдан кредит алышып, үч жыл ичинде куруп, уюштуруп, ишке киргизишкени таң калтырат. Антпегенде мындай чоң иштер он жылдык убакытты талап кылат.

Бакиев башкарган беш жылда биздин өлкөгө келген инвесторлордун санын эсепке алганда, Датка-Кемин, альтернативдик жол, ТЭЦтин модернизациясы да Бакиевдин проектиси экенин ойлосок, алардын ишмерлигине таң калбай койсок деле болот.

Баарынан да адамдын ичин күйгүзгөнү - ушул нерсе биздин өлкөдө курулуп калса жарашпайт беле? Жүз миңдеген адамдар иш менен камсыз болот эле. Биздей кичинекей өлкө үчүн мындай корпорациядан түшкөн киреше өтө чоң пайда алып келет болчу, ага ылайык экономикабыз дуулдап жогору көздөй өсөт эле.

Эгер эле бул ишкананын кирешесине Кумтөрдөн тапкан пайдабызды кошсок, Кыргызстан деген өлкөбүз жакынкы жылдарда кедей өлкөлөрдүн катарынан суурулуп чыгып, "князь" өлкөлөрдүн катарына кошулат болчубуз.

Эл башкарууга жаралган, лидерлик касиети бийик, бийлик карьерасын жөнөкөй жумушчудан баштап, бардык тепкичтерди басып өткөн өндүрүшчүл Бакиевди УӨнүн  жалган жалаасы менен кууп жиберип, эмнелерден куру жалак калганыбызды билсекчи, аттиң.

Бул бир эле көрүнүш. Эгер Бакиев өлкөнү жок дегенде он жыл башкарып турса, өлкө үчүн мындай иштердин көбүн кылмак. Бакиевдерди баалабай адашып калдык окшойт десем, мына ушул бүгүн деле эл үчүн иштеп жаткан эки досту жакшы деп жатабызбы? Иштеп жатканды көрбөй, биздин ырыскыбызды жутуп-жеген жуткучтарды ээрчип, мактап, даңазалап калганыбыз биздин элдин айныганы, отко айдаса бокко качканы эмей эмнеси? Бакиевдер келип, ушундай проектерди жаратып, өлкөбүзгө инвестиция чакырып, азыркы бийликке кол кабыш кылса болбойбу?

Шамурза Борукулов, журналист