Печать
Категория: Коом
Просмотров: 171

Тилекке каршы, бизде бийлик бир саамалыкты баштап, чечим кабыл алып, жакшы ой, ниетти билдирсе эле айгай салып, сынга алып, жакшысынан жамандыгын издөө жаман өнөкөткө айланды. Алдыда болчу Курултайга байланыштуу да ошондой болуп атат. Эч нерсенин дайыны жок эле спектакль экенин, дүжүр делегаттар шайланып атканын, натыйжасы болбой турганын айткандар, жазгандар көбөйдү. Минтип «паровоздун алдына түшүп алгандарга» кандай баа берүүгө  болот? 

Курултайдын пайдасы эле болбосо, зыяны дегеле болбойт. Курултайдан аларыбыз да, табарыбыз да көп экенинен шек санабайлы. Бийлик менен элди жакындаштырып, өлкөдөгү, аймактардагы көйгөйлөрдү аныктап, элдин социалдык-экономикалык абалын билип, чечимдерди, багыттарды ачыктап алуучу зор жыйын. Курултайда бир жактуу эле пикирлер, мактоолор айтылат деген болбогон сөз. Жакшы сөздөр да, сындар да, көйгөйлөр да ачык айтыларын, кемчиликтер, катачылыктар, өлкөдөгү туура эмес иштер да ачык-айкын сөз болорун  бөркүбүздөй көрөлү. Аны өлкө башчы да ыңгайы келген жерде айтып, билдирип келатат. Президенттин Курултайды өткөрүүдөгү ниети, максаты жакшы экендиги талашсыз. 

Ал эми делегаттардын аймактардан кандай жолдор менен  шайланып жаткандыгы, Курултайды жеке максаттары, кызыкчылыктары үчүн пайдалануулары мүмкүн экендиги  албетте, башка маселе.