Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1129

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылында бүгүн дагы бир ички жолго асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бир жарым чакырым аралыкты түзгөн айыл жолуна асфальт төшөө жумуштары толугу менен Камчыбек Ташиевдин жана анын үй бүлөсүнүн жеке каражатына аткарылды.

Жолду ачуу аземине Камчыбек Кыдыршаевич жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Бүгүнкү күндө бул жол айылдыктар үчүн пайдаланууга берилген экинчи жаңыланган жол болуп калды. Буга чейин Комсомол айылындагы бир чакырым жолго Камчыбек Ташиевдин демөөрчүлүгү менен асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген болчу.