Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык салуу сунушун жолдогон. Бул коомчулукта талкуу жаратты. Айрымдар депутаттын сунушун мал-жан кармаган карапайым жарандардын чөнтөгү кагуу катары баалашты. Буга байланыштуу депутат кайрадан сунушун тереңдетип түшүндүрдү.
"Сунуштардын ичинен эл арасында өзгөчө талкуу жаратканы мал-жандыкка салык киргизүү боюнча сунушум болду. Бул сунуштун түпкү маңызы боюнча элге дагы кененирээк түшүндүрмө берейин.
Мамлекетибиз тоолуу өрөөндө жайгашкан агрардык мамлекет болуп эсептелет. Ата-бабаларыбыздан бери мал-жандык кармап, баарыбыз мал багып чоңойгонбуз. Бүгүнкү күнү республикабыздын аймагында 1 000 – 2 000 кой, 100дөгөн жылкы жана уйлары бар бай адамдар көп. Мен салыкты аталган мал-жандыгы көп, бай адамдарга киргизүүнү сунуштагам (эгер 1 койго 1 жылда 100 сом салык болсо аны 12 айга бөлгөндө, айына 8 сом 33 тыйындан айланат).
1 000 - 2 000 миң коюу бар бай адамдар 1 тыйын салык төлөшпөйт. Жайытта байлардын малынын көптүгүнөн улам мурункудай жапжашыл болуп, бийик өсүп турган чөп азыр жок. Жайыттар такыр болуп, жылдан- жылга чөптүн түрү дагы азайып жатат.
Карапайым 40-50 коюу, 5 уюу, 5 жылкысы бар жарандарга бул салык жайылтылбайт. Алар мурдагыдай эле жайыт акысын төлөй беришет. Бул маселе эртеби-кечби көтөрүлө турган реалдуу маселе болчу. Бул маселени буга чейин эч ким көтөргүсү келген эмес, анткени элге, шайлоочуларына жаман көрүнүүдөн коркушкан.
Эгер бул салыкты эл колдосо, жер салыгынан жана байлардын мал-жандыктарынын салыгынан айыл өкмөттүн бюджетине көбүрөөк каражат түшүп, ошол айыл өкмөттөгү дыйкандарды колдоого, жерди азыктандырууга, мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду курууга, суу чыгарууга, айыл өкмөттөрүн жарыктандырууга жумшалып, айылдагы элдин жашоо турмушунун мындан дагы өйдөлөшүнө шарт түзөт", - деди Жеңишбек Токторбаев.