Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек 

- Өмүрзак Жолдош уулу, "Манастын уулу Семетей" чоң резонанс менен тартылып, эмэ эл аралык аренага чыгып атабы?

- Түркия, Иран, Кытай,  Италия, Түштүк Корея... интернет (стриминг платформа) жана телеканалдары менен макулдашып атабыз. Буйруса, Түркиядан  көрсөтүүлөр башталмакчы. 

- "Манастын уулу Семетей" тасмасынын кийин "Манас", "Так талаш" көркөм фильмдерин тартуу ниетин билдирдиңиз эле. Эми кайсы тасмага киришмексиз?

- "Манастын уулу Семетейди" баштаганыбызда ызы-чуунун башкысы - "Улуу чыгарманы аз каражат менен начар тартып бузбай,  эл аралык ири кино компаниялар менен чоң каражатка тартуу керек" деп доомат артышкан. Анда эл аралык ири кино компаниялар бизди теңине алмак эмес. Эми "Манастын уулу Семетейди" көрүшүп, чоң кино долбоорду бирге жасоого ынтызарлык билдиришти. Алар менен макулдашып,  "Манас" 3 сааттык анимациялык көркөм фильмине сценарий даярдоого кириштик, буйруса. 

- Көп убакыт талап кылынса керек "Манаска"?

- Ооба,  баш-аягы 2-3 жылдык процесс. Ага чейин параллелдүү түрдө башка жеңилирээк кино долбоорду колго алдык.

- Ал кандай долбоор, билсек болобу?

- Азырынча болжолдуу аталышы - "БИЙЛИК ЖАНА СҮЙҮҮ". Атамбаев менен Жээнбековдун бийлик талаш конфликтисин жана  турмуштук курч окуяларды, жаштардын кызыктуу сүйүү баяндарын чагылткан тасма болмокчу.

- Кинонун окуясы эмнелер менен коштолот? Атамбаев камалганы, Жээнбеков бийликтен кеткени көрсөтүлөбү?

- Атамбаев камалып, Жээнбеков бийликтен кетип, Жапаровдун келиши менен бүтөт. Бирок алдыда дагы сценарийге алымча-кошумчалар жасалат.

- Атамбаев менен Жээнбековдун саясий чуулгандуу окуяларын камтыган бул кызыктуу тасма качан тартылып, качан элге тартууланат?

- Азыр сценарийди тартуучу чыгармачыл топ менен талкуулап, башкы ролдорго аткаруучуларды тандап атабыз. Баш-аягы  3-4 айда тартып чыгаруу болжолдонууда.