Журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда кармалган. Ал опузалап акча талап кылууга шектелгенин ИИМ билдирген.
ЖК депутаты Тазабек Икрамов бул тууралуу маек берип жатып, Сатыбалдиева дагы бир журналист Баяна Кулованын арызынын негизинде кармалганын айткан.
Ага удаа Баяна Кулова окуянын чоо-жайын соцтармактагы баракчасына жарыялады. Анда айтылгандарга таянсак, Сатыбалдиева фейк аккаунт менен ЖК депутаты Шаирбек Ташиев тууралуу видео жарыялаган. Аны Кулова өчүрүп коюусун айтып кайрылса, он миң доллар сураган. Кулова Сатыбалдиева экенин билбей, фейк аккаунт менен жазышканын белгилейт.
"Мен ага 2 миң доллар бердим.Дагы 2 миң доллар сурады. Фейк аккаунт менен жазышканда эркек киши экенин айткан. Мен ага иним деп кайрылгам. Бул кайдан чыккан кыйын болду экен деп укук коргоо органдарына кайрылдым", - дейт Кулова.
Укук коргоо кызматтары акча талап кылган аккаунтту иликтей келишкенде, анын ээси Санрабия Сатыбалдиева болуп чыккан.
Сатыбалдиева камакка алынганда, буга Шаирбек Ташиевдин катыштыгы бардыгын белгилеген. "Менин камалашым боюнча маалымат чыкканда Шаирбек Ташиевдин да аты аталышы керек болчу", - деген ал.
Бирок Кулова өзүнүн маалыматында ЖК депутатынын ысымын колдонгон жок. Ал "Ташиевдер анын коргоосуна муктаж эместигин жана аларды коргобой турганын" белгиледи.