Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.
Журналист тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот, Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагынан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт.
Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза "Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн" деген корутунду чыгарганын айткан.