Журналист Санрабия Сатыбалдиева ИИМ тарабынан кармалганы маалым болду. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат таратып, анда 3-ноябрда журналист жеке ишкерден шантаж жолу менен акча талап кылганы үчүн кармалганын ачыктады.
"2022-жылдын жылдын 3-ноябрында 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалган.
Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп «МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икраимовдун пиар-менеджери “С.С.К.” эсептелет.
Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору - “Б.у.К.” жана “Жорго-Такси” компаниясынын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын жараны “М.М.Х.” кармалышты.
Азыркы учурда КР Кылмыш жаза-кодексинин 208- беренесинде ("Опузалап талап кылуу") каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгы жөнүндө мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришти", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Бирок журналист өзү мындай маалыматты четке кагып, кармалышына "Ташиевдер күнөөлүү" деп айтууда. Бул акыркы учурда Кыргызстандагы мыйзамсыз аракетке баргандардын көнүмүш лексиконуна айланды. Себеби белгилүү, "Ташиевдер күнөөлүү" болсо, демек, мында кылмыш жок, саясий куугунтук бар. Мыйзамсыз иштерин дал ушул эки сөзгө - "саясий куугунтукка" батыруу үчүн бийлик бутагындагы аткаминерлердин атын атоо шарт. Шантаж жасоого шектелип кармалган журналист дагы бул "салтты" унуткан жок.