Акыркы жумаларда Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегиндеги ызы-чуу токтобой койду. Бул аталышты биринчи угуп жаткан жарандар дагы "жоо жарагын камданып", колдорун шилтегилеп, бул географиялык объектини "жоготуп алуудан" катуу санааркап жатканын билдирип башташты. Кабатыр болгон жарандардын дагы бир бөлүгү "чачыраган аймактарды" сактап калууга умтулган оппозиционерлер репрессияга кабылганына нараазы болушууда.
Мунун баары эмнеден улам болуп жатканын, кимге эмнеси менен коркунучтуу экенин толук кандуу түшүнгөндөр аз. Кыргызстанда ушундай калыптанып калган: кимдир бирөө "Кетсин" деп кыйкырып койсо эле, эл кесепеттери арбын болгонуна карабай революцияга даяр турат. Багыты бүдөмүк болгондордун ачык-айкын эмес идеясын деле колдоп, ал үчүн өлүп берүүгө макул болгондор да бар.
Эмне болуп жатканын талдап көрүүгө аракеттенели.
Бул үчүн эки суроого так жооп берүү менен эле чындыкты табууга болот: Кемпир-Абад деген эмне жана аны сактап калуу үчүн күрөшкөндөр кимдер?
ОБЪЕКТ
Кемпир-Абад суу сактагычы кайдан пайда болгон? "1962-жылдын август айында, - деп Советтик Кыргызстандын легендарлуу башчысы Турдакун Усубалиев эскерген, - биз Өзбекстандын КП БК биринчи катчысы, Жогорку Советтин Президиумунун жана Өзбек ССРинин министрлер Советинин Төрагасы Шараф Рашидов тарабынан жазылган катты алдык. Катта "агымы катуу Кара-Дарыя дарыясын тосуп, агымын жөнгө салуу керектиги, болбосо Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү пахта талааларын сугаруу маселеси толук кандуу чечилбей калаары" айтылган. Мунун баары Кыргызстандын Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычын куруу зарылдыгын билдирет.
Катта өзбек тарап бул курулушка бир тууган кыргыз элинен макулдук сураган. Эл макулдугун берген. Мындан биздин эл дагы уттурган жок, өздөрүнүн пахта талааларын суугарууга мүмкүнчүлүк алышты.
Андан кийин нааразы болушуп, суу сактагычты "жокко чыгарууну" талап кыла башташты. Советтик учурда эле көбүнө суунун алдындагы жер биздики, ал эми суу өзбектики экени жаккан эмес. Ошол убакта абдан көп адамдар суу сактагыч Кыргызстанга бекер берилсе да керек эмес, өзбектер өзүнө ала беришсин, болгону жакшылап көзөмөлдөшсүн дешкен.
Биз биздин эл бир географиялык аймакта жашай турганын унутуп баратабыз. Кудай бизге эл бири биринен алысташпай, биргеликте өрөөнүбүздөгү бай жаратылыш ресурстарынын пайдасын көрсүн деген".
Акырындык менен нааразычылык токтоду, көптөгөн жылдар суу сактагыч өзүнүн жашоосун жашады жана бул эч кимге ыңгайсыздык жараткан жок. Анан эле капысынан ал тууралуу эстей калышты дагы, пикирлерин билдирип, кыйкырышып, анын жардамы менен коомду жана мамлекетти дүрбөтүүгө киришти. Эмне болуп кетти?
Өзбекстан - биздин жакын коңшубуз. Тажикстан сыяктуу эле. Тажикстан менен чек ара боюнча тынч келишүү ишке ашпай жатат. Ошондуктан, түгөнбөгөн чырлар, кан төгүлүүлөр орун алууда. Өзбекстан сүйлөшүүгө даяр. Ошондой эле, Кыргызстан менен достошууга, көп жылдык жемиштүү, эки тараптуу кызматташууга даяр.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкесинин узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын 1 170 чакырымы (85 пайызы) 2017-жылдагы келишимде ратификацияланган. Калган аймак макулдашууга муктаж эле, мында акыры олуттуу прогресс орун алды.
"Жалпысынан талаш аймактардын 99 пайызы бизге өттү, - деп жазды президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында, - Эгер Кемпир-Абад суу сактагычын буга чейин Өзбекстан көзөмөлдөсө, эми плотинаны биргеликте башкаруу болот. Биз биргелешкен ишкананы 50-50 үлүшү менен түзүүнү макулдаштык. Суу деңгээли 908 горизонттон 900гө түшүрүлдү. Ошону менен 1 246 гектар жер бошойт, ал бизге өтөт. Жергиликтүү тургундар аны айыл чарба иштерине пайдалана алышат".
Карап көрсөң жакшы болчудай! Кыргызстан жаңы аймакка ээ болот. Түштүктүн тургандары акыр аягы жер жана суу алышат, жерди иштетишет. Сел болбойт, кургакчылык болбойт. Өзбекстан менен достук мамиле жөнгө салынат (ал бизге абдан керек!).
Көк-Серек - 105 га; Ала-Бука районундагы Баястан - 212 га; Кара-Суу районундагы Ак-Таш - 100 га; Кара-Белес - 25 га; Жалал-Абад жана Наманган облустарынын ортосундагы Гавасай - 8 миң га; Унгар-Тоо тоосундагы жер - 35 га...
Бул жерлердин баары келишим боюнча Кыргызстанга өтүшү керек. Шарихансай каналы жайгашкан 50 га аянт Өзгөн районундагы 50 га чек ара аймагына алмашылат. Анын ордуна өзбек эли Кемпир-Абад суу сактагычын колдонуу укугуна ээ болот. Жеке менчикке өткөрүшпөйт! Мында массалык каршылыкты жаратуучу кандай коркунучтуу нерсе бар?
Кептин баары сценага кайрадан кайсы бир оппозициялык күчтүн чыкканында, алар окуяны татаалдаштырууга күч аракетин жумшашты, жок, суу сактагычка чындап күйгөндөн эмес, болгону коомдун каршылыгын жаратууну каалашууда. Кемпир-Абадды шылтоо кылып, өлкөгө башаламандыкты орноткулары келишет.
СУБЪЕКТТЕР
Кыргызстанда дайыма эң бир жакшы идеяны да жаман көрсөтчүлөр табылат. Буларга мунун эмне кереги бар? Кимдир бирөө ушул жол менен пиар кылат, эл унутуп калган өзүнүн атын кайрадан чыгаргысы келет. Кайсы бири жөн эле элди учурдагы бийликке каршы көтөрүп, башаламандык жаратууну каалайт. Дагы бири дагы башка максатты көздөйт - бирок бири да муну моюнуна албайт.
"Кемпир-Абад суу сактагычын бербейбиз!" - деп ким катуу кыйкырып жатат?
Адахан Мадумаров. Чечендиги менен таанымал, бирок Пушкиндин сөз менен айтканда "кылыч арасындагы жупуну рыцарь". Ал киши коомдун алдында өзүн көрсөткөндү жакшы көрөт, чымындан пил жасайт, бирок ишке кезек жеткенде... "Мен Кумтөр боюнча комиссияны Адахан Мадумаров жетектесин дедим эле, - деди президент Садыр Жапаров жакында берген маегинде, - Бирок ал макул болбоду". Эмнеге макул болгон жок? Адахан Кимсанбаевич чек араны чечүү маселелерине жигердүү катышпай жатканынын себеби ушунда болсо керек. Сүйлөп баштаса - муюп угасың. А бирок мекени үчүн кандай реалдуу пайда келтирди?
Жеңиш Молдокматов. Ал баардыгын кыйратууга, массалык башаламандыктарды уюштурууга талыкпаган умтулуусу менен таанымал болду.
Канат Исаев. Токмок шаарынын мэри болуп турганда шаардын жерин сатып жиберген. Ушундан кийин анын мамлекеттин бүтүндүгү үчүн чын дилинен күйөөрүнө ишенүүгө болобу?
Азимбек Бекназаров. Бул киши тууралуу айтуунун деле кереги жок. "Революциянын бульдозери" кайсы жерде болсо, ошол жерде чыр, жаңжал, ызы-чуу, мыйзамсыздык...
Алар менен ызы-чуулуу аялдардын толук компаниясы, "Кетсин" деген кыйкырык жаңырган ар кайсы митингдерде катышып жүргөндөр: Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова...
Андан ары - бейөкмөтчүлөр кербени, алардын башкы милдети биздин коомдун бардык системасын талкалоо. Алар бар жерде хаос, башаламандык, кыйроо. Кыйратуу куруу эмес экени белгилүү эмеспи. Курганга караганда талкалоо оңой. Эгер алардын жетегинде барсак - эч нерсе таппайбыз, а бирок көп нерсени жоготоорубуз анык. Өзбекстан менен кызматташуудан жана достуктан баш тартуу - кимдер үчүн? Бир ууч кыйкырчаак адамдардын түшүнүксүз амбициясы үчүнбү? Бул кыйкырчактардын кимиси артынан миллиондогон жарандарды ээрчитип, саясий -географиялык татаал кырдаалдан чыгууга реалдуу жол таап бере алат?
Мындайлар жок. Анда эмне эмне кылуу керектигин билген адамга бут тосуу керек?
Кээде кайсы бир идеяга ким каршы экенин карап көрүү эле жетиштүү. Эгер суу сактагычын өзбектер менен биргелешип башкарууга УШУЛ адамдар каршы болсо - анда, келишим чындыгында туура түзүлүп, туура багыт менен кетип бараткан жокпузбу?
Эч ким эч кимге эч нерсе бербейт. Эч ким Кыргызстандын жерин тараткан жок. Тескерисинче, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишим түзүү менен биз көп нерсеге, ошол эле кезде суу сактагычка да ээ болуп жатабыз.
Колду көкүрөккө коюп туруп айталычы: биздин өлкөдө тез арада чечүү керек болгон башка маселелер жокпу? Мисалы, көмүрдүн жетишсиздиги, электр энергиясынын таңкыстыгы. Оппозиционерлер ушул маселелер боюнча эмнеге пикет, митинг уюштурушпайт? Кызыксызбы? Пайдасызбы? Рентабелдүү эмеспи?
Кептин баары ушунда болуп жатпайбы.
vb.kg сайтынан алынды