Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Тажикстандан көчүп келип Кыргызстанга жайгашкан этникалык кыргыздардын учурдагы абалы көз жаздымда калбашы керек. Бул тууралуу депутат Камила Талиев "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди. 

Айтымында, анын шайлоочуларынын кайсы бир бөлүгүн кайрылмандар түзөт. 

"Алар “Кайрылман” программасынын алкагында ээ болгон укуктарын колдонушканы менен, аларга каралган каражаттык колдоо азыркы инфиляциянын шартында эч нерсеге жетпей калды. Азыр алып жаткан 1750 сомдук жөлөкпул жарыбаган акча. Ошол Тажикстандан кайтып келген этникалык кыргыздардын бир кезде тажик жергесинде иштеген эмгек жылдары эсепке алышыны кажет. Бул жагынан чукул чечүүнү талап кылган маселе күн тартибинде турат.

Чүй боорунда жайгашып калган кайрылмандардын шарты деле жыргап кеткен жок. Үй-жайы жок. Алган каражаттары жарытымсыз. Дары-дармек менен тамак-ашына жетпеси чын. Ошондуктан, республикалык бюджет каралып жатканда кайрылмандардын жөлөкпулун куру дегенде 6 миңге чейин жогорулатуу демилгесин көтөрдүм. Анткени, алардын каражаттары инфиляцияга туруштук берүүсү керек", - деди Талиева.