Депутат Жеңишбек Токторбаев малга салык төлөө боюнча маселе көтөргөн. Бул учурда соцтармакта талкуу жаратууда. Айрымдар малга салык салууга каршы чыкса, кээ бири макул. КР Эл артисти Бек Борбиев "салык салуу туура" дегендердин катарында.
- "Малга документ ал, салык төлө" десе күлөбүз. Бизге эмнегедир күлкү, а өнүккөн өлкөлөрдө мал - жандын баарында, дегеле үй жаныбарларынын баарында тукумун көрсөткөн паспорттору бар жана ар бир башына салык төлөшөт.
Кыргызстандын өнүккөн өлкөгө айлануусун кааласаңыз, анда мышыгыңызга да салык төлөшүңүз керек.
Бул жерде аң сезим негизги роль ойнойт. Эгер аң сезим жете элек болсо, анда бул маселени кийинкиге жылдырып туруу туура. Балким, балдарыбыздын же неберелерибиздин убагында аң сезимибиз бышып жетилсе, коом кабыл алат.
Паспорттуу жаныбарларды таза кандуу деп түшүнсөк болот. Анткени, ата теги жазылып турат, саламаттыгы чың, эттүү болоору анык.
Андыктан тандоо өз колубузда. Өнүгүү тарабына ыктайлыбы же ага даяр эмеспизби?