Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

Депутат Камила Талиев этникалык кыргыздарга берилчү жөлөкпулдун суммасын көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. 

Депутат этникалык кыргыздарга тиешелүү маселелерге токтолуп, кайрылмандар үчүн каралган жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү сунушун берди. Андан тышкары, чек ара жаңжалынан улам Лейлек жана Баткен районунан Чүй облусуна келгендердин санын тактап, жатакана менен камсыздоо керектигин билдирди.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы айрым маселелерди көтөрүп, социалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн берилген турак-жайларды, ошол жерде көп убакыттан бери жашап жаткан жарандарга менчиктештирип берүү маселесин сунуштады.