Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар Элдик курултайга катышуучу делегаттарды тандашканын Кыргызстандын РФдагы элчилигинен билдиришти.

Анда айтылгандай, кечээ, 2-ноябрда элчиликте рухий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгына негизделген Россиянын аймагында КР жарандары тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн коомдук уюмдардын делегаттыкка талапкерлеринин жалпы чогулушу болуп өттү.

Жалпы жыйындын жыйынтыгы менен катышуучулар делегаттарды шайлашты жана Элдик Курултайга катышуу үчүн резервдик курамды бекитти.

Эске салсак, 2022-жылы 25-ноябрда Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай өтөт.