Бүгүн, 2-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Маданият – улуттун жүзү” экенин белгилеген Төрага “Бир элдин маданияты аркылуу ошол улуттун өзгөчөлүгүн, дүйнө таанымын, руханий баалуулуктарын көрө алабыз. Кылым карыткан кыргыз эли да улуу маданияттын ээси болуп саналат. Мына ошол улуулардан калган жолду улай, руханий көрөңгөбүздү кемитпей сактап калууда өнөр ээлеринин салымы чоң”, – деди.
Муну менен катар маданият тармагынын түрдүү багыттарында 20 миңге чукул адам эмгектенерин эске салуу менен “Алар бийик таланты жана талыкпаган эмгеги менен кыргыз маданиятын өнүктүрүп, ошол эле учурда дүйнө элине даңазалап келишет. Андыктан алардын эмгеги баа жеткис”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле жыйында Нурланбек Шакиев “Парламент” радиосу кайрадан ишин улантып, Жогорку Кеңештин жыйындарын ачык-айкын, ыкчам түрдө уктурууга өбөлгө түзүлгөнүн маалымдады.
“Эми кайрадан ишин баштаган “Парламент” радиосу заман талабына ылайык жаңы форматта иш алып барып, Жогорку Кеңештин ишин угармандарга ыкчам жана ачык-айкын жеткирүү вазыйпасын чоң жоопкерчилик менен аткарат деген терең ишеничтемин. Андыктан бардык депутаттарды “Парламент” радиосу менен тыгыз иш алып барууга чакырам”, - деди.