Кемпир-Абадды бетке кармоо менен бийликке келүүнү көксөгөндөрдүн айрым «калдыктары» ыңгайы келгенде маселени кайра козгой калышууда. Аз күн мурда  «Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиеев Кемпир-Абадды алуудан баш тартып, Макулдашууну жокко чыгарыптыр» деген чындыкка коошпос маалыматты таркатып, элдин баштарын айландырууну көздөштү эле, андай аракет  ишке ашпай калды. 

Эми Жогорку Кеңештин профилдик  комитетинин Кемпир-Абад боюнча Макулдашууну колдоп добуш берген депутаттарды саткындар, каршы болушкан 3 депутатты баатыр кылганга өтүштү. Алардын жазгандарына ишенсек, А.Мадумаров, Ч.Айдарбеков жана Н.Кадырбеков эли, жерин ойлогондуктан  каршы добуш беришиптир. Бирок аныгында андай эместигин саясаттан түшүнүгү барлар жакшы түшүнүп  турушат. Маселе эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн, макулдашуулардын, консенсуска келүүлөрдүн негизинде чечилди. Достук, кошуналык байланыш, алакаларды бекемдеп, андан ары өнүктүрүүгө, жылуу мамилени сактап калууга багытталган чечим экендиги талашсыз. Өзбекстан менен чек арадагы талаш-тартыштарга биротоло чекит коюу үчүн ушундай чечимдер болуп жатканын ошол эле каршы добуш берип аткан депутаттар жакшы билишет. Бирок «ак карга»  көрүнгүлөрү келип, ушул жерден да саясий упай алууну максат кылышкандарын түз эле айталы. Ошон үчүн аларды баатыр катары сыпаттоонун өзү туура эмес. Мамлекеттүүлүк, туруктуулук, элдин биримдиги, тынчтык маселеси турганда, минтип саясий дивиденддерге ээ болууга аракет кылып жатышкандары алардын анык жүздөрүн гана көрсөтөт.